4- Март 1983 -жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Cоту "политехник" аталган чуулгандуу окуянын аткаруучуларына жаза өкүмүн чыгарган
Кыргыз ССРинин Жогорку Cоту "политехник" аталган чуулгандуу окуянын аткаруучуларына жаза өкүмүн чыгарган. Каракчылар Фрунзе политехникалык институтунун кассасынан 70 миң рубль акча уурдашкан. Кассадагы акчаны уурдоо аракети чак түштө жасалгандыктан, советтик бийликтин жабык маалымдоо шартында да ал коомчулуктун оозуна алынган. Мындан тышкары, ушул эле бандиттик топ тарабынан шаардык ювелир Глазунов менен асфальт-бетон заводдун башкы инженери Бреннердин өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Жогорку Сот бандиттик топтун үч өкүлүнө өлүм жазасын чыгарып, калган экөөнү ар бирин 10 жана 8 жылга эркинен ажыраткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан