4- Март 1837 -жылы Мичиган көлүнүн боюнда орун алган Чикаго порту шаар статусун алган
Мичиган көлүнүн боюнда орун алган Чикаго порту шаар статусун алган. Ал убакта шаар калкынын саны 3 миң адамга араң жетсе, 1850-жылы Чикагодо 30 миң адам жашаган. Өткөн кылымдын соңунда шаар өнөр жай жана финансы борбору катары өлкө экономикасында олуттуу орун ээлеп келген. Жергиликтүү индеец калкы "чикаго" деп сасыган жерди аташкан. Мындан улам XX кылымдын ортосуна чейин шаар өнөр жай калдыктары менен ыштын чордону катары индеецтер айткан аталышты иш жүзүндө аныктап келген. Кийин америка шаарларынын арасынан Чикаго биринчи болуп экологиялык реконструкцияны ийгиликтүү иш жүзүнө ашырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан