6- Март 2011 -жылы кинорежиссёр Эркин Рыспаев каза болгон
"Кыш", "Жүгөрү" ж.б. документалдуу фильмдердин жана "Сүйүү сынагы" (М.Абдыкалыков менен биргеликте), "У любви свои небеса" ( А.А.Кубат менен биргеликте) сериалдарын жаратып кыргыз элине белгилүү болгон таланттуу кинорежиссёр Эркин Рыспаев 56 жашында дүйнө салган. Эркин Рыспаев кыргыз киносунун өнүгүүсүнө чоң салым кошкон таланттуу, кайталангыс режиссёр болгон. Ал СССР тараган учурдан баштап бүтүндөй өмүрүн кино тармагына арнап келген. Анын чыгармачылыгынын арты менен, бир нече мыкты документалдуу тасмалар жана сериалдар тартылып, коомчулукка сунушталган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан