V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Акуналы Досалиев Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1984-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун “автомобиль жолдорун куруу” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1976-жылы Фрунзе шаарындагы СМУ-4тө куруучулуктан баштаган.
1984-1992-жылдары Кыргыз ССР Транспорт министрлигинде, облустук ПЛУАДда прораб, башкы инженер, начальник болуп иштеген.
1992-1993-жылдары – Жалал-Абад облустук ПЛУАД-6нын начальнигинин орун басары,
1994-жылы Жалал-Абад облустук администрациясынын курулуш жана транспорт бөлүмүндө инспектор болуп иштеп турган.
1994-2010-жылдары – Жалал-Абаддагы “АБЗ” ААКсынын директору.
2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Акуналы Досалиев мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.