V жана VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетинин "инженер-технолог" адистигин, 2000-жылы Ош технологиялык университетинин юридика факультетин, 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит факультетин, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-2005-жылдары "Алимбеков" биргелешкен ишканасынын директорлугунан баштаган.
2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин жетектөөчү адиси болуп иштеген.
2008-2010-жылдары жоопкерчилиги чектелген "Папан Курулуш" ишканасынын директору болуп эмгектенген.
2008-2010-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси болгон.
2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон.
2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2015-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланган.