14- Март 1976 -жылы V жана VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов туулган
V жана VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.
1983-жылы Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектепке кирип, аны 1993-жылы аяктаган.1993-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырган.
Өзүнүн эмгек жолун 2000-жылы Баткен облусунда прокурор сапатында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткаруу үчүн көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган. 
2001-жылдын октябрынан 2002-жылдын ноябрына чейин Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын мыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор болуп дайындалган.
2002-жылдын сентябрынан 2004-жылдын сентябрына чейин Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчү болуп иштеген. 
2004-жылдын сентябрынан 2005-жылдын августуна чейин Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштеген. 
2005-жылдын августунан 2006-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасынын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору болуп дайындалган.
2006-жылдын апрелинен 2006-жылын декабрына чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп дайындалган.
2006-жылдын декабрынан 2007-жылдын декабрына чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген. 
2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын январына чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп дайындалган. 
2010-жылдын январында прокуратура органдарынан өз каалоосу боюнча бошотулган.
2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
Ал эми 2013-жылдын 20-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутаттар Садыр Жапаровду, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан.
Ал эми 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан