“Хатико – эң ишенимдүү дос” тасмасындагы иттин прототиби болгон Хатико аттуу ит өлгөн. Хатиконун мекени Япониядагы Акита аймагы. Иттин породасы – Асыл тукум акита-ину. Ит өлгөндөн кийин Аояма күмбөзүндө коюлган. Ага арнап үч эстелик тургузулуп, 10 чактыдай көркөм тасма, 1 анимациялык тасма, 2 китеп жарык көргөн.
1924-жылы Токио университетинде иштеген профессор Хидесамуро Уэного жөнөкөй фермер Хатикону белекке берет. ("Хати" – япончодон которгондо "сегиз" дегенди билдирет). Ит ээсине аябай жакын болуп, аны эртең менен узатып, кечинде тосуп алып жүрөт. Кожоюну каза болгондон кийин ит чындыгында эле 10 жыл бою ээсин күтөт. Бул станцияда иштегендердин, жүргүнчүлөрдүн көзүнө илинип, 1933-жылы профессор Уэнонун мурунку студенти ээсин күткөн ит тууралуу макала жазып чыгат. Окуя Японияда сенсацияга айланып, атактуу япон скульптору ага арнап эстелик тургузат. Сибуй станциясында 1934-жылы Хатикого арналган эстелик тургузулуп, ага Хатико өзү катышкан. Ал эми бир жылдан соң ээсин күткөн ит көз жумат.
Экинчи дүйнөлүк согушта статуя аскердик жабдууга каражат болуп кеткен. Согуштан соң, 1948-жылы ага экинчи жолу эстелик тургузулуп, ал япондуктар үчүн ишенимдин жана сүйүүнүн белгиси болуп келет.
Бул окуя тууралуу көп тасмалар тартылган. 1987-жылы "Хатиконун тарыхы" аттуу тасма мыкты тартылып, блокбастерге айланганы менен, дүйнөлүк резонанс жарата алган эмес. Ал эми Ричард Гир Вики Сигекуни Вонг менен биргеликте продюсерлик кылып, Голливуд тарткан “Хатико – эң ишенимдүү дос” тасмасы дүйнөлүк прокатта өзгөчө кабыл алынган. Гирдин колуна тийген сценарий аны ыйлатканга чейин барган.
“Кайра окуп чыктым. Анан кайра... Окуяны жүрөгүмдөн чыгара албай койгондуктан, бул ишке киришүүнү чечтим. Көрүүчүлөр тасмада башкы каарман мен деп билишет. А мен айтар элем, бул фильмде башкы каарман – Хатико”,- деген Гир. Бул сөзүн тастыктаган ал сыйлык алууга барганда кызыл килемден Хатинин ролун аткарган ит менен өтүп, сыйлыкты анын моюнуна таккан.
“Хатико – эң ишенимдүү дос” тасмасынын кыскача мазмуну тууралуу айта турган болсок, кичинекей күчүк Хатинин (-ко мүчөсү япондордо эркелетүү үчүн колдонулат) поездде профессор Паркер Уилсонго жолукканы кокустук болот. Алгач профессордун аялы Хатинин үйүндө жашашына караманча каршы болот. Паркер аялын капа кылгысы келбегени менен, күчүктү бирөөгө бергиси келбей, убакытты созгонго аракет кылат. Акыры экөөнүн мамилесин байкаган аялы Хатинин үйүндө калышына уруксат берет. Мына ошентип, Паркерлердин үй-бүлөсүнүн катары Хатико аттуу ит менен толукталат. Хати кожоюнуна чын дилден берилип, күндө жумушуна узатып барып, кечки саат 5те бекеттен тосуп алат.
Бир күнү Хати адаттан тышкары кожоюнун үйдөн чыгаргысы келбей тыбырчылайт. Бул жоругун түшүнбөгөн профессор таң кала жумушуна жөнөйт. Бекетке эми жетерде Хати оозуна кичинекей топту алып чуркап келет. Профессордун япон досу мурун “Хати топту бирөөнүн буйругу менен эмес, өз көңүлү менен алып келет. Ал өзгөчө кырдаалда гана ошентет” деп айткан. Бул ит менен ээсинин акыркы жолугушуусу экенин иттин жүрөгү туйганы менен, адамдын жүрөгү туйбай, сапарын улантат. Ошол күнү лекция убагында жүрөгү токтоп калат. Бекетте отурган Хати станциядан кирген-чыккан адамдарды тиктеп, чыдамкайлык менен кожоюнун күтөт. Бирок күткөн адамы келбейт.
Паркердин өлүмүнөн кийин Хати күн калтырбай станцияга келип, кожоюнун күтүүнү адат кылып алат. Алгач үйүнө алып кеткен профессордун кызы иттин кыйналып жатканын көрүп, коё берет. Ит 10 жыл бою күндө кечке маал станцияга келип ээсин күтөт. Окуя сенсацияга айланып, гезиттерге, телеге тартылган Хати сүйүктүү каарманга айланат. Ошентип, өмүр бою ээсин күткөн ит ошол станцияда отуруп каза табат.