Лондондо “Челси” футбол клубу негизделген. "Челси" клуб болуп түзүлгөн күндөн тарта 50 жыл аралыгында эч бир жетишкендикке жеткен эмес. Жарым кылымдагы ири ийгилиги Англиянын Кубогунда 2-орунду ээлегени болгон. Бул ийгиликсиздикти Тед Дрейк аттуу машыктыруучу токтотуп, 1955-жылы Англиянын чемпиондугун уткан. Клуб тарыхында акчага байланыштуу көп кыйынчылыктарды басып, 1980-жылдары экинчи дивизионго түшүп кеткен. 1990-жылдары кайрадан Жогорку Лигага кайтып келип, Англия Премьер Лигасынын баштапкы командаларынын бири катары тарыхка кирген.