13- Март 1951 -жылы
Советтик жана орусиялык актриса Ирина Алферова туулган
Советтик жана орусиялык актриса Ирина Алферова Орусиянын Новосибирск шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң Москвага сапар тартып, 1972-жылы ГИТИСти аяктаган. "Распутин", "Ёлки 2", "Долг", "Сонька Золотая Ручка", "Ермак" сыяктуу көптөгөн тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан Ирина Алферова 2007-жылы Орусиянын Эл артисти наамын алган.