“Black eyed peas” тобунун ырчысы Уильям Адамс АКШнын Лос-Анжелесинде туулган. 3 бир туугандын эң кичүүсү. Кичинекей кезинен баштап белгилүү бий түрү “брейк-данс” менен алектенген. 8-класста окуп жүргөн мезгилинде келечектеги коллегасы Аллен менен таанышып калат. Анан мектепти таштап, музыка жана бий дүйнөсүнө баш оту менен кирип кетет.