Обончу жана аткаруучу Жеңишбек Шамшиев Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 1961-жылы орто мектепти бүтүп, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетине тапшырган. 1966-жылы университетти бүткөндөн кийин Алайкуу өрөөнүндөгү Сагындык атындагы совхоздо башкы экономист болуп эмгек жолун баштаган. 1972-жылы Алайкуу өрөөнүнөн райондук айыл чарба башкармалыгынын башкы экономисти болуп көтөрүлүп жана Райондук пландоо комиссиясынын төрагасы, “Кара-Кулжа” совхозунун башкы экономисти, “Совет” совхозунун партиялык комитетинин катчысы, Райондук мүлк фондусунун төрагасы, агрохимлабораториясынын башчысы болуп татыктуу эмгек сиӊирген.