8- Март 1955 -жылы төкмө акын Рахматулла Козукеев туулган
Төкмө акын Рахматулла Козукеев Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында туулган. 1984-жылы Фрунзе шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун сырттан окуп аяктаган. Республикалык, эл аралык айтыштарда байгелуу орундарды ээлеген. КРдин Президентинин ардак грамотасы, Туркия мамлекетинин алтын медалы менен сыйланган. Рахматулла Козукеев КРнын мыкты маданият кызматкери, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык "Руханият" сыйлыгынын лауреаты, "Түрк дүйнөсүндө" төкмө акындар фестивалынын алтын медалынын ээси (2006-жыл).
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан