11- Март 1730 -жылы
карамагындагы дыйкандарды кыйнап өлтүргөндүгү менен тарыхта калган орус көпөс аял Дарья Салтыкова төрөлгөн
Карамагындагы дыйкандарды кыйнап өлтүргөндүгү менен тарыхта калган орус көпөс аял Дарья Салтыкова (Салтычиха) төрөлгөн. 26 жашында Дарья Салтыкованын күйөөсү каза болот. Ошол күндөн бир жарым жыл өткөн соң кол алдындагыларды сабай баштаган. Кийинчерээк, алардын башынан чачын жулуп, өрттөп, чачынан сүйрөп башы менен дубалды сүздүрүп өлтүрө баштаган. Курман болгондордун көбү бойго жетилип, күйөөгө тийчү кыздар болгон. Ошентип ал кол алдындагы 147ге чейинки жумушчуларын өлтүргөн.
Дарья Салтыковага көп арыздар түшкөн, бирок ал көп учурда чиновниктерге акча жана белектерди берип, ачылган ишти жаптырып койгон.
Савелий Мартынов менен Ермолай Ильиндин аялдарын өлтүргөнүн бул дыйкандар Екатерина IIнин өзүнө жеткизе алышкан. Сенаттын жана Екатерина IIнин чечими менен Дарья Салтыкова өмүр бою эркинен ажыратылып, камакта жатып 1801-жылы 27-ноябрда каза тапкан.