11- Март 1906 -жылы
швейцариялык ишкер Зино Давидофф туулган
Швейцариялык ишкер, “Davidoff” (тамеки, кофе, парфюмерия...)
компаниясынын негиздөөчүсү Зино Давидофф Украинанын Новгород-Северский шаарында туулуп, 1994-жылы 14-январда Женевада көз жумган.
Зино Давидофф төрөлгөндөн кийин үй-бүлөсү Киевге, 1911-жылы болсо Швейцарияга көчүп кетип, 1912-жылы тамеки сатуучу дүкөн ачкан. Зино Давидофф 1924-жылы мектепти аяктап, Латын Америкасына тамеки бизнесин изилдөө үчүн жөнөгөн. Аргентина, Бразилия. Кубага барып, 2 жыл тамеки талааларында иштеген. Швейцарияга 1930-жылы кайтып келип, ата-энесинин дүкөнүн өз колуна алган. Убакыттын өтүшү менен кадимки тамеки саткан дүкөн ири компанияга айланып, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин көп жетишкендиктерге жеткен.