12- Март 1824 -жылы
германиялык физик Густав Кирхгоф төрөлгөн
Германиялык физик, мезгилдик таблицадагы цезий жана рубидий элементтерин ачкан Густав Кирхгоф Кёнигсберг аттуу жерде төрөлгөн. 1842-1846-жылдары Кёнигсберг университетинде математика, физика илимдерин изилдеп, 1850-1854-жылдары лекция окуй баштаган. 1875-жылы Берлин илимдер академиясынын академиги болуп, 1887-жылы 17-октябрда 63 жаш курагында Берлинде көз жумган.