9- Март 2004 -жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитети кыргыз-казак чек ара келишимин ратификациялоо маселесин карай баштаган
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитети кыргыз-казак чек ара келишимин ратификациялоо маселесин карай баштаган. Комитет жыйынына тышкы иштер министри Аскар Айтматов, кыргыз өкмөтүнүн аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов катышып, келишимдин талаш жактары талкууга алынган. Коопсуздук комитетинин пикирине ылайык кыргыз-казак чек ара келишиминде Талас жана Чүй облустарынан төрт аймагы Казакстанга өтүп кеткен. Өкмөт мүчөлөрү чек ара келишими калыс чечилип, эч кандай жер коңшу мамлекетке берилбегендигин билдиришкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан