9- Март 2011 -жылы
Пакистандын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Адезаи кыштагында жардыруу болгон
Пакистандын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Адезаи кыштагындагы жардырууда 31 адам каза таап, 40тан ашуун киши жаракат алышкан. Бул окуя маркумду жерге берүү учурунда орун алып, топтолгон элдин ичинде жан кечти террорчу өзүн-өзү жардырып жиберген. Терактты “Талибан” кыймылынын өкүлү уюштурган деген маалыматтар тараган. Себеби бул аймакта бийликти колдогондор менен согушчандардын ортосунда кагылышуулар көп болгон.