9- Март 1965 -жылы Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчиси Болот Отунбаев туулган
Экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган иниси, дипломат жана саясатчы Болот Отунбаев Ош шаарында төрөлгөн. 1987-жылы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктап, 1990-1993-жылдары ошол эле окуу жайда аспирантурада окуп, тарых илимдеринин кандидаты болгон. 1993-жылы ММУнун Башкаруу жогорку мектебин, 2000-жылы Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны аяктаган.
1987-1990-жылдары Бишкектеги № 67-мектепте тарых мугалими,

1993-1995-жылдары - Бишкектеги Түркиянын эл аралык кызматташтык агенттигинин кеңешчиси,

1995-1996-жылдары Анкарадагы Түркиянын эл аралык кызматташтык агенттигинин борбордук кеңсесинде кеңешчи,

1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасындагы Түркиянын эл аралык кызматташтык агенттигинин дайымкы өкүлү,

1998-2003-жылдары Кыргыз Республикасындагы Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы,

2003-жылдын ноябрь айынан тарта 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы Тышкы иштер министрлигиндеги ОБСЕнин башкармалыгынын башчысы,

2005-жылы Кыргыз Республикасындагы Тышкы иштер министрлигинде Чыгыш өлкөлөрүнүн башкармалыгынын башчысы,

2005-2009-жылдары - Түркиядагы Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси жана кичи элчиси,

2010-жылы КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер,

2010-2012-жылдары - КСДПнын республикалык штабынын координатору,

2012-жылдын 15-февралынан тарта Кыргыз мамлекетинин Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматтарын аркалаган.

Ошондой эле ага Швеция, Дания, Норвегия падышачылыктары менен Сан-Марино Республикасындагы дипломатиялык миссия жүктөлгөн. Ал кызматта 2015-жылдын май айына чейин иштеп, кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган.

2015-жылы КСДП партиясынын атынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгон.

Ал эми 2016-жылдын февраль айында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси кызмат ордуна көрсөтүлгөн Болот Отунбаевдин талапкерлигин жактырган.

Б.Отунбаев 3 уулдун атасы. Орус, англис, түрк тилдерин билет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан