10- Март 1941 -жылы
Фрунзе шаарына пландаштырылган жасалма муз заводунун курулуш иши башталган
Фрунзе шаарына пландаштырылган жасалма муз заводунун курулуш иши башталган. Завод Түркстан-Сибирь темир жолундагы Пишпек станциясына жакын жерде орун алып, анын продукциялары менен муздаткыч вагондорду эле эмес, шаардык оорукана, пивзаводдорду камсыздоо келечеги белгиленген. Бирок июнь айында башталган согуш алааматы бардык изги ниеттердей эле, бул саамалыктын да кендирин кескен.