10- Март 2011 -жылы
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыковдун үстүнөн сот иши болуп өткөн
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыковдун үстүнөн сот иши болуп өткөн. Анда кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу экс-депутат Исхак Масалиев толук акталып чыккан. Ал эми “массалык баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар” деген күнөө менен Үсөн Сыдыков 6 жылга шарттуу түрдө кесилген.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысынын жаш курагы 68 жашка барып калгандыгына байланыштуу ушундай өкүм чыгарылгандыгы маалым болгон.