13- Март 2004 -жылы
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны башталган
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны Бишкек шаарында ишин баштаган. Чек ара маселеси боюнча тараптардын эки башка мамилеси бар экендиги белгилүү болгон. Тажикстан делегациясы кыргыз-тажик чек арасын 1924-жылы аныкталган чек ара документинин негизинде аныктоону сунуш кылса, кыргызстандык тарап 1989-жылы эки тараптуу комиссия тарабынан аныкталган документке таянуу керектигин сунуш кылган.