14- Март 1941 -жылы Немис режиссёру, сценарист жана продюсер Вольфганг Петерсен туулган
Немис режиссёру, сценарист жана продюсер Вольфганг Петерсен Германиянын Эмден шаарында туулган. Бардыгы 44 тасма жараткан. Акыркы эмгектери – “Катуу бороон”, “Троя”, “Посейдон”.
Режиссёрдун чыгармачылык жашоосу 1960-жылы башталган. 19 жашар жигит Гамбургдагы "Эрнст Дойч" театрында режиссёрдун жардамчысы болуп иштеген. 20 жашында алгачкы пьесасын койгон. Берлиндеги кино жана телевидение академиясын аяктаган соң 6 бөлүктөн турган сериал тарткан. Петерсендин чыныгы көркөм тасма катары тарткан “Экөөбүздөн бирөөбүз” фильми 1973-жылы германиялык улуттук сыйлыкка ээ болгон. Кийинки тартылган “Кайык” фильми "Оскар" үчүн 3 номинацияда ат салышкан жана англиялык кинофестивалда “Эң мыкты чет өлкөлүк тасма” деген байгени алган. Ушундан кийин “Петерсен” деген ат Голливудда тааныла баштайт. “Президенттин учагы” аттуу тасмасы менен Петерсен өзүнүн талантын далилдеп, бүткүл дүйнөгө таанылган. “Троянын” продюсерлери бул тасманы тартууну бир нече режиссёрлорго сунушташкан. Сценарийди окуп чыккан соң жалгыз гана Вольфганг Петерсен тасманы тартууга макул болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан