15- Март 1914 -жылы
Кыргыздын көрүнүктүү сүрөтчүсү Сабырбек Акылбеков туулган
Кыргыздын көрүнүктүү сүрөтчүсү, Кыргыз СCРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1958) Сабырбек Акылбеков Панфилов районунун Кум-Арык айылында туулган. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында (1928-1932), Москвадагы “1905-жылды эскерүү” атындагы сүрөт окуу жайында (1936-1939) окуган. Адегенде С.Чуйковдон жана В.Образцовдон, кийин белгилүү орус сүрөтчүлөрү Н.П.Крымов менен П.И.Петровичевтен таалим алган. Педагогикалык окуу жайында, мектепте сүрөт мугалими (1932-1934), Фрунзедеги сүрөт окуу жайында мугалим (1961-1965) болуп иштеген. Алгачкы пейзаждык чыгармасы – “Колхоздун короо кою” (1939) деген сүрөтүндө Сабырбек Акылбеков сүрөтчүлүлүккө жөндөмдүүлүгүн даана көрсөтө алган. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасында анын чыгармалары көргөзмөгө коюлган. Сабырбек Акылбеков кыргыз сүрөт искусствосуна чебер пейзажист жана портретист катары кирген. Буга анын “Чүй өрөөнүндө”, “Алыскы жайлоодо”, “Колхоз корукчусу”, “С.Моминованын портрети” деген сүрөттөрү күбө. 1952-жылы кыргыз сүрөтчүлөрү менен бирге Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү опера жана балет театрын кооздоого катышкан. “Кыргыз талааларында” (1954) деген сүрөтү Сабырбек Акылбековдун этаптык чыгармасы болуп калды. Бул чыгармасында илимий прогресстин натыйжасында кол эмгеги техника менен алмашканын чебер көрсөткөн. 1960-жылдар Сабырбек Акылбековдун чыгармачылыгы кемелине жетип, ал “97–чакырымда” (1960), “Кыргызстандын түштүгүндө” (1964), “Шаардын бир бурчу” (1964), “Туулган жерде” (1965) жана башка белгилүү пейзаждык чыгармаларын жаратты. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Сабырбек Акылбеков республикабыздын дүркүрөп өскөн индустриясын чагылдырган “Завод” (1965), “Заводдук трасса” (1966) аттуу картиналарын тарткан.