18- Март 1979 -жылы
америкалык “Maroon 5” тобунун солисти Адам Левин туулган
Америкалык “Maroon 5” тобунун солисти Адам Левин АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган.
1995-жылы Адам мектептеги достору Жесси Кармайкл, Райан Дасик жана Микки Мэдден менен биргеликте "Kara’s Flowers" деген аталыштагы топту түзүшкөн. Топтун аты төрт жигит бирдей сүйүп калган Кара аттуу кыздын ысымын алган. Түзүлгөн топ анча деле көп ийгиликке жетпей тарап кеткен.
2001-жылы окууга кеткен Адам менен Жесси Лос-Анжелеске кайтып келишип, достору Райан, Миккилерге кезигип "Maroon 5" деген жаңы топту түзүшкөн. Ошондой эле катарына Жеймс Валентайн аттуу мырзаны кошушкан. Мына ошол убактан тартып көптөгөн хит ырларды жаратып, көптөгөн ийгиликтерди багындырышкан.