18- Март 2010 -жылы
орусиялык спортчу Константин Ерёменко көз жумган
Мини-футбол боюнча 20-кылымдын мыкты оюнчусу, орусиялык спортчу Константин Ерёменко 39 жашында көз жумган.
Константин Ерёменко бул күнү "Динамо" спорт залында машыгып жатып, саат 18:30дар чамасында өзүн жаман сезип кулап комага түшкөн. Бир жарым саатка созулган ак халатчандардын аракети жыйынтык бербей, футболчу жүрөк оорусунан улам каза болгон. Константин Ерёменко 21-мартта Москвадагы Троекуров көрүстөнүнө коюлган.