19- Март 1950 -жылы
орусиялык ырчы Надежда Бабкина туулган
Орусиялык ырчы, элдик жана эстрада ырларынын аткаруучусу, элдик ырлардын изилдөөчүсү Надежда Бабкина Орусиянын Астрахан областындагы Чёрный Яр кыштагында туулган. Ал 1974-жылдан бери “Русская песня” ансамблин жана “Русская песня” театрын жетектеп келген. Надежда Бабкина 1992-жылы Орусиянын Эл артисти наамына татыган. Өзүнүн көп кырдуулугу менен Надежда Бабкинага казак аскерлеринин полковниги жана курал алып жүрүү укугу берилген. Өлкөнүн саясий жашоосуна да кайдигер карабай, "Бирдиктүү Орусия" ("Единая Россия") саясий партиясынын мүчөсү болгон.