Улутчул Германия милдеттүү түрдө жалпы аскердик чакырууну киргизген. Германия бийлигинин бул демаршы Версал келишимин одоно бузган жана аалам бейпилдигине каршы жасалган чакырык болгон. Версал тынчтык келишими (1919-ж.) Биринчи дүйнөлүк согушту (1914-1918-жж.) жыйынтыктап, Германиянын согуштук күчүн чектеген чечим кабыл алынган.