Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз чакырылган сессиясы ишин баштаган. Шаардык кеңеш депутаттары Жалал-Абад, Ош облустук мамлекеттик администрация мекемелеринин жана айрым райондук администрация имараттарынын мыйзамсыз басып алынышын айыптап чыгышкан. Шаардык депутаттар кеңеши жалпы кыргыз калкын сабырдуулук, тынчтык жана ынтымакка чакырган кайрылуу кабыл алган.