19- Май 1970 -жылы V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов туулган
V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1993-жылы "Аус Балт" кыргыз-казак биргелешкен ишканасында баштаган.
1994-1995-жылдары Казакстандагы "ТОО Геом" арак заводунун маркетинг жана сатып өткөрүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.
1995-2001-жылдары "ТОО Геом" арак заводунун курулуш бөлүмүн жетектеген.
2001-2002-жылдары "А-вест" компаниясынын (Philip Morris компаниясынын расмий дистрибьютери) маркетинг жана сатып өткөрүү бөлүмүн башкарып турган.
2003-2005-жылдары "Арвин" ЖЧКсынын продукцияларды сатып өткөрүү боюнча ишканасын жетектеген.
Ал эми 2005-2008-жылдары "ОККО" АК башкармасынын төрагасы, 2008-2010-жылдары "Кыргыз агро азык-түлүк" корпорациясынын башкы директору болгон.
2011-жылдын июнунда "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан