"Жюль Римэнин кубогу уурдалды!” деген кабар дүйнөнү каптаган. Ал жылы жайында Англияда кезектеги чемпиондук өтмөк жана алдын ала алынып келинген кубок эл үчүн көргөзмөгө коюлган. Анын коопсуздугун камсыз кылуу ондогон кайтаруучуларга жүктөлгөнүнө карабастан, сыйлык белгисиз шарттарда “көздөн кайым” болгон.