19- Март 2014 -жылы Президент болуп турган Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койгон
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын "Өкмөт жөнүндө" мыйзамына ылайык өкмөттү отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койгон. 
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП, "Ар-намыс" жана "Ата Мекен" фракцияларынын ортосундагы 2012-жылдын 3-сентябрында макулдашууга ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кеткен болуп эсептелинген.
Жарлыкка ылайык, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле администрациялык мекемелеринин жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнчө мурда ээлеген кызматтарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин милдеттерин аткарууну улантышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан