21- Март 2005 -жылы
Парламенттик шайлоодон улам Кыргызстандагы саясий кырдаал курчуп, ал эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жараткан
Парламенттик шайлоодон улам Кыргызстандагы саясий кырдаал курчуп, ал эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жараткан. Бул боюнча Бириккен улуттар уюму Кыргызстандагы кырдаалга кабатырланганын билдирип, бийлик менен оппозициянын тирешүүсү сүйлөшүү жолу менен чечилип, бир тараптан экинчиге каршы күч колдонулбашына ишеним арткандыгын билдирген.
Ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан президент Аскар Акаевдин оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүгө ниеттенгенин колдой тургандыгын баса белгилеген.