21- Март 2013 -жылы
бийчи Атай Өмүрзаков Москва шаарында "Лужники" концерттик залында жеке концертин берген
Бийчи Атай Өмүрзаков Москва шаарында "Лужники" концерттик залында жеке концертин берген. Аталган масштабдуу концерттик залда бул мезгилге чейин бир да кыргыз ырчысы же бийчиси концерт койгон эмес. Ал эми таланттуу бийчи үчүн алгачкы жеке концертин дал ушул шаардан бергени бекеринен болгон эмес. Анткени Атай дүйнөнү багындырууну Москва шаарынан баштаган. Ошондой эле концертти ырчылар – Гүлнур Сатылганова, Темир Назаров, Каныкей жана Атайдан тарбия алган "Тумар КР" бийчилер тобу коштоп, шоумен Бакыт Байсариев алып барган.