29- Март 1929 -жылы Эстониянын 1992-2001-жылдардагы президенти Леннарт Мери туулган
Эстониялык жазуучу, мамлекеттик ишмер Леннарт Мери Эстониянын борбору болгон Таллин шаарында дипломат жана Шекспирдин чыгармаларын эстон тилине которгон котормочу Георг Меринин үй-бүлөсүндө туулган.
Жазуучулуктан сырткары Леннарт Меринин саясаттагы ролу да чоң. Ал Эстониянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн лидерлердин бири болгон.
Леннарт Мери 1990-жылдын 11-мартынан тартып 1992-жылдын 6-апрелине чейин Эстониянын тышкы иштер министри болуп иштесе, 1992-жылдын 6-октябрынан 2001-жылдын 8-октябрына чейин Эстониянын 2-президенти болгон.
Леннарт Мери 2006-жылы 14-мартта Таллиндеги Магдален бейтапканасында 76 жаш курагында оор дарттан улам каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан