26- Март 1985 -жылы англиялык актриса Кира Найтли туулган
Англиялык актриса жана модель Кира Найтли Лондон шаарында белгилүү актёрлор Уилл Найтли менен Шерман МакДональддын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын жарыкка келип калышынын да кызыктуу жагдайы бар. Киранын апасы Шерман актрисалык карьерасын биротоло таштап, драма жазууга белсенип калган. Шерман жолдошу Уилл менен мелдеше кетип, "эгер мен алгачкы пьесамды сатсам, дагы бир бала төрөйм" деп сөз берет. Ошентип, актрисанын апасы Шерман пьесасын сатып мелдешти утуп алат. Жыйынтыгында англиялык адабият чөйрөсү Шерман МакДональд аттуу ысымдуу болсо, ал эми дүйнөлүк кинематографияда Кира Найтли аттуу кыз төрөлөт. Болочок актриса ата-энесин кубантуу үчүн дайыма мыкты окуганга аракет кылган. Жаштайынан эле актрисалыкты көксөгөн Кира каникул убагында башка балдардай эс алып жатып албастан, тырышып актёрдук чеберчилик сабагына калтырбай барчу.
Актриса алтыга чыкканда жеке агенттүү болуп, жети жашында "Хан сарайдагыдай майрамдоо" тасмасында алгачкы ролун ойногон. Он бир жашында Европа каналдарында телешоу, сериалдарга катышып, эл оозуна алынып калган. Кира Найтлинин Натали Портман менен "Жылдыздар согушу" тасмасында чогуу тартылып, айрым эпизоддорунда Наталинин да ролун ойногону тууралуу кептер бар. Анткени экөө бири-бирине куюп койгондой окшош болгон. Бирок Натали "баарын эле өзүм ойногом" деп моюнуна алган эмес. Тартуу аянтында эки актрисаны гримден кийин өздөрүнүн апалары да айырмалай албай калганы айтылат. Бул тасманын ийгилигинин баарын Портман алып кетип Кира көлөкөдө калганы менен, таланттуу актрисаны профессионал режиссёрлор байкап калышат.
Кира биринчи башкы ролун 2001-жылы "Робин Гуддун кызы: Уурулардын ханышасы" деген тасмада аткарган. Актрисанын дүйнөнү "дүң" деп жарып, атактуулук алып келген ролдорунун бири – 2002-жылы тартылган "Ойносоң Бекхэмдей ойно" киносундагы өспүрүм кыздын ролу. Фильмдин бюджетине 3,5 миллион доллар сарпталып, дүйнөлүк сатыктан 32 миллион доллар топтогон.
Режиссёрлордун Кира Найтлини таануусу, анын атагы, популярдуулугу актрисаны жаңы келишимдерге кол коюуга мажбур кылат. 
2003-жылы Кира Найтли "Кариб деңизинин каракчылары" тасмасында Жонни Депп, Орландо Блум өңдүү Голливуд жылдыздары менен чогуу тартылгандан кийин анын популярдуулугу белгилүү бир чокуну багындырат. Андан соң "Чыныгы сүйүү" (2003), "Падыша Артур" (2004), "Пиджак" (2005), "Домино" (2005) жана "Намыс жана ишенбестик" (2005) тасмаларында катар-катар роль аткарат. "Намыс жана ишенбестик" фильминдеги Элизабет Беннеттин ролу үчүн актриса "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан