Индонезиядагы жанар тоонун атылып чыгышынан 14 адам көз жумган. Алар вулкандын ысык түтүнүнө туш болушкан. Каза болгондордун денеси Синабунг вулканына жакынкы айылдардан табылган. Набыт болгон 4 мектеп окуучусу вулканды көрүү максатында келгени аныкталган. Синабунг – Суматра аралынын түндүгүндө жайгашкан жана 400 жылдан кийин кыймылга келип, 2010-жылы атырылып чыккан.