27- Март 1987 -жылы орусиялык ырчы, актриса Полина Гагарина төрөлгөн
Орусиялык ырчы, актриса, ырлардын автору Полина Гагарина Москва шаарында төрөлгөн. Ырчынын бала чагы Грецияда өткөн. Себеби апасы Грециянын опера жана балет театрында бийчи болуп иштеген. Кийин чоң энесинин колуна, Саратовго келип, ошол жакта жашап, окуп калган. Чоң энеси алгач эле Полинаны музыкалык мектепке киргизген. Апасынын Грециядагы театр менен болгон келишими аяктаган соң, Москвага көчүп келип кызын өз колуна алган. Москвадан Полина 14 жашында музыкалык мектепти аяктап, музыкалык училищеге тапшырган. 2003-жылы 2-курста окуп жүргөн кезинде "Жылдыздар фабрикасы-2" теледолбооруна катышып, жеңүүчү аталган. Ошондон тартып Полина Гагарина чоң сахнага кадам таштап, белгилүү ырчыга айланган.
Полина Гагаринанын хитке айланган ырлары: "Колыбельная", "Я твоя", "Спектакль окончен", "Осколки" ж.б.
2015-жылы Полина Гагарина "Евровидение" эл аралык сынагына Орусиянын атынан катышкан. Анда "A Million Voices" ("Миллион добуштар") аттуу чыгармасын аткарып, 2-орунду багындырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан