Франциялык 102 жаштагы веложарышчы Робер Маршан велосипед тебүүдөгү көрсөткөн ылдамдыгы боюнча өз рекордун жаңылаган. Анын жаңы рекорду Парижде коюлган. Ал 102 жашта экенине карабай саатына 27 чакырым аралыкты басып өткөн. Маршандын айтымында, ал өзүн бул жыйынтыктан кийин жакшы сезген. Бирок бул көрсөткүчү аны толук канааттандырган эмес. Маршан 100 жашынан өткөндөн кийин велоспорт менен профессионалдык түрдө алектенген тарыхтагы жалгыз спортчу болгон. Анын буга чейинки рекорду 2012-жылы катталып, анда саатына 24 чакырым аралыкты басып өткөн. Андан тышкары ал расмий түрдө 100 жаштан ашкандан кийин 100 чакырым аралыкты багындырган жалгыз спортчу. Ага бул үчүн 4 саат 17 мүнөт жетиштүү болгон.