27- Март 1990 -жылы
"Тамашоучу", актёр Жаныш
Майрамбек уулу туулган
"Тамашоучу", актёр Жаныш Майрамбек уулу Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кара-Шаар айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшырган.
Жаныш Майрамбек уулу "Тамашоу" долбоорундагы “Ак кеме” командасынын капитаны болгон. Ал команда менен 2008-жылдын 1-ноябрында биринчи жолу эл алдына чыккан. "Гонщик таксист", "Кекеч", "Мегатой" жана башка тасмаларда роль жараткан. Учурда "Эл эмне дейт?" юмористтик теледолбоорунун актёру.