23- Март 2005 -жылы
Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Мурат Суталинов Кыргызстандагы саясий кырдаалдын курчушуна оппозиция күнөөлүү экендигин билдирген
Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Мурат Суталинов Кыргызстандагы саясий кырдаалдын курчушуна оппозиция күнөөлүү экендигин билдирген. Анын пикирине ылайык өлкөнүн түштүгүндөгү бийлик кылмыштуу топтун колуна өтүп, оппозиция Ош жана Жалал-Абаддагы кырдаалды башкара албай калган. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу мындай кырдаалга тиешеси бар 500 чамалуу адамга укуктук жаза колдонула тургандыгын белгилеген. Анын ичинде бийликке каршы аракет көрүп, мамлекеттик мекемелерди басып алууну уюштурган, өлкөнү баш аламандык сазына батырып, өзүмбилемдикке жол берген 50дөй адамга 10 чамалуу берене боюнча кылмыш иши козголот деп айткан.