30- Март 1894 -жылы
Советтик авиаконструктор Сергей Ильюшин туулган
Атактуу советтик авиаконструктор Сергей Ильюшин Вологда губерниясындагы Диляево кыштагында туулган. Эмгек жолун авиамеханик болуп иштөөдөн баштаган. 1926-жылы Н.Е.Жуковский атындагы Аскер аба-инженердик академиясын бүтүргөн. Сергей Ильюшин 1931-жылы конструктордук бюро уюштуруп, аны өзү башкарган. Согуш мезгилинде "ИЛ-4" деген ат менен чыккан бул машина алыска аракеттенүүчү негизги авиация болгон. 1940-жылдан баштап "ИЛ-2" сериясы чыга баштаган. Бардыгы болуп 36 миңден ашык "штурмовик" чыгарылган. Дүйнөдө бир да учак мынчалык массалык серияда чыгарылган эмес. Ильюшиндин жургүнчүлөрдү ташуучу учагынын долбоорун аэрофлот 1946-жылы пайдаланууга алып, "ИЛ-12" учагы түзүлгөн. "ИЛ-14", "ИЛ-18" жана континенттер аралык учуучу лайнер "КЛ-62" аэрофлоттун флагманы болуп калган. 30 жылдан ашык конструктордук бюрого жетекчилик кылган жылдарынын ичинде учактардын ондогон типтери түзүлүп, алардын көпчүлүк бөлүгү сериялык түрдө чыгарылган.
Конструктордун эмгеги жогору бааланып, Ленин ордени менен 7 жолу, Октябрь Революциясы ордени жана башка орден, медалдар менен сыйланган.
С.В.Ильюшин 1977-жылы 82 жашында дүйнөдөн кайткан.