Советтик коомдук-партиялык ишмер, педагогика илимдеринин доктору, СССРдин негиздөөчүсү В.И.Ульяновдун (Лениндин) аялы Надежда Крупская Санкт-Петербургда офицердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, революциячыл чөйрөдө чоноюп, тарбияланган. 1889-жылы жогорку аялдар курсундагы тарыхый филологиялык бөлүмдө окуу менен Санкт-Петербургда революциялык көз караштагы студенттер уюштурган ийримге да катышып жүргөн.