Ырчы Назми Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында туулган. Толук аты-жөнү Байзакова Назми Дүйшенбековна. Алгач сахнага "Алдаба" аттуу ырды аткарып чыккан. Ырчы өзүнүн аткаруусундагы "Таарынчакмын", "Жүрөм сени таппай", "Келчи кайра" ырлары менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.