25- Март 1937 -жылы америкалык ишкер Том Монаген туулган
Америкалык ишкер, "Пиццанын жолборсу" деген каймана атка ээ болгон Том Монаген Американын Анн Арбор шаарында карапайым үй-бүлөдө туулган. Атасы жүк ташууучу машина айдап, апасы мээрман айым болуп иштеген. 
Том 4 жашында атасынан айрылган. Апасына эки баланы багуу оорго турат. Андыктан Томго башка үй-бүлөдө жашоого туура келет. Алгач немистердин үй-бүлөсүндө жашап, чөп чапканды, уй сааганды үйрөнүп, тракторист жана гезит тараткыч болуп иштейт. Кийин Балдар үйүнө туш болот. Ошентип, жашоонун кыйынчылыгы анын мүнөзүнүн калыптанышына өз таасирин тийгизет. Балдар үйүндө башкаларга көп кошулбай тынымсыз китеп окуй турган. Көптөгөн сааттар бою китепканада отурган болочок инноватор тарыхый инсандар менен таанышып, өзү да алардай болууну эңсейт. Алардын өжөрлүгү менен тырышчаактыгына аябай таасирленип, максатына эмнеси болсо да жетмекчи болот. 
6-класста апасы Томду жана берки баласын Балдар үйүнөн алып кетет. Жакырчылыктын айынан Томдун апасы менен болгон мамилеси начарлайт. Бир ирет апасынын машинасын уруксатсыз айдап кетип, апасы аны түрмөгө отургузуп коёт. 
Том аскер кызматын өтөгөн соң максаттарына жетүүгө катуу бел байлайт. Том Монаген пиццаны адамдардын үйүнө заказ боюнча жеткирип берүүнү ойлоп тапкан. Алгач башка компаниялар муну чыгым алып келе турган иш деп, пиццаны ташууну чанып коюшкан. Бирок Том 30 жылдай кыйналса да, акыры бул жаатта өз ишинин жемишин тата алган. 
23 жашында чоң бизнесин карызга алган 900 доллары менен баштайт. "Доминикс" аттуу ишкананы сатып алып, 1965-жылы анын атын "Домино" деп алмаштырат. Алгач бизнести жогорку окуу жайлардын жанына 3 пиццерия ачуу менен баштайт. Банкрот болуп калуу коркунучу жаралганына карабастан, ал өзүнө ишенет. Бул ишенимдин артында үйлөнүп жатканда аялына "мен 30дан ашып калганда миллионер болом" деп айтат. Ошентип, анын айтканы туура чыгат. Алгач кыйынчылык менен 3 пиццерия ачкан болсо, алардын саны кийин 6 миңге жетет. 
1970-жылдын аягынан баштап кайсы жерге барбасын "эми пицца 30 мүнөттүн ичинде үйүңөргө жеткириле турган болот" деп айта турган. Компаниясынын өнүгүшү менен акыры анын айтканы ишке аша баштайт да, ишканасы эң ири пиццерия тармагына айланат. Том Монаген дүйнөдөгү пицца жеткирип иштеген эң ири "Доминонун пиццалары" аттуу пиццерия тармагынын 97 пайыз акциясынын ээси болгон.
Ийгиликке жетүү жолунда ал ар кандай кыйынчылыктарды басып өткөн. Бир ирет анын дүкөндөрү документтер менен кошо күйүп кетет. Андан соң Томго насыя берүүчүлөр менен 5 жылдай тынымсыз соттошуп, 3 өнөктөшүнүн бизнесин тартып алуу аракетине туруштук берүүгө туура келет. Бул эле эмес, 3 ирет учакта кырсыкка кабылып, үчөөндө тең аман калат.
Бирок кийинчерээк Том материалдык байлыкка көп көңүл бурбай руханий байлыкка ооп, чиркөөгө барып сыйынууну адатка айлантат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан