25- Март 1959 -жылы
Кыргызстан журналисттеринин I съезди өткөн
Кыргызстан журналисттеринин I съезди өткөн. Жаңы уюм 8 республикалык, 4 облустук, 64 шаар жана райондук, 13 журнал, КырТАГ, радио жана сыналгынын 270 алдыңкы журналисттеринин башын кошкон. Жыйынга Кыргызстандын бардык тармактагы жетекчилери катышкан жана журналисттерге "партиялык уюмдарга жардам берип, болгон күчтү коммуниздин курулушуна арнагыла" деген тапшырма жүктөлгөн. Журналисттердин съезди Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин жыйын залында өтүп, совет бийлиги маалымдоо каражатына болгон мамилесин ушундай мааниде түшүндүргөн.