25- Март 2003 -жылы
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны Чолпон-Ата шаарында ишин баштаган
Шаңхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны Чолпон-Ата шаарында ишин баштаган. Жыйын ишине Шанхай кызматташтык уюмуна кирген Кыргызстан, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышып, анда уюмдун катчылыгы, каржылоо маселеси жана регионалдык антитеррордук структураны аныктоо сыяктуу маселелер талкууланган.