Борбордук Азиядагы бейөкмөт уюмдардын үч күндүк конференциясы Бишкек шаарында ишин баштаган. Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын бейөкмөт уюмдары чакырылып, алар акыйкат башкаруу менен бейөкмөт уюмдардын мамилеси тегерегинде пикир алмашышкан.