25- Март 2005 -жылы Кыргыз өлкөсүнүн президентинин жана өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев алгачкы бир нече жарлыкка кол койгон
Кыргыз өлкөсүнүн президентинин жана өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев алгачкы бир нече жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик катчылыгына Дастан Сарыгулов, президенттик администрациянын жетекчилигине Үсөн Сыдыков, Ош облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Анвар Артыков, Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Жусупжан Жээнбеков, Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Тургунбек Кулмурзаев жана Башкы прокурордун милдетин аткарууга Азимбек Бекназаров дайындалган. 
Андан тышкары ички иштер министринин милдетин аткарууга Мыктыбек Абдылдаев, Юстиция министринин милдетин аткарууга Эркинбек Мамыров, Коргоо министринин милдетин аткарууга Исмаил Исаков, транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткарууга Ишенбай Кадырбеков, Тышкы иштер министринин милдетин аткарууга Роза Отунбаева жана президенттин иш башкаруу башкармасынын жетекчисинин милдетин аткарууга Акылбек Дүйшөмбиев бекитилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан