25- Март 2014 -жылы
Кант кызылчасын өстүрүүчүлөрдүн майрамы
Наполеон Бонапарттын тушундагы согуштарга байланыштуу Вест-Индиядан ташылып келчү кант тростниги континенталдык Европага түшпөй калган. Император Наполеон Бонапарт 1811-жылдын 25-мартында кант кызылчасын өстүрүү үчүн 80 000 акр жер бөлүп, айыл чарба адистерин окутуу жана кант заводун куруу туурасында декрет кабыл алган. Ошентип буга чейин малга берилип келген кант кызылчасы императордун жарлыгы менен бакча маданиятына айланган.