26- Март 1994 -жылы "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева туулган
"Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева Бишкек шаарында туулган. КОСУнун алдындагы колледжди кызыл диплом менен аяктап, Улуттук университеттин Кыргыз-Европа факультетине тапшырган.
Жамиля Ишенбаева "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган сулуулар сынагында "Супер сулуу-2009" деп табылып, 7 кереметтин бири – Мисирде эс алып келген. Андан сырткары Жамиля Ишенбаева "Азиянын супер модели. Кыргызстан-2011", "Дүйнөлүк туризм сулуусу-2011", "КУУнун сулуусу-2013" ж.б. жетишкендиктерге жеткен. Ошондой  Жамиля жарнамалык ролик, клиптерге да тартылып келет. Мисалы, ырчы Арсендин "Жарадар жүрөк", Ильяз Андаштын "Кыздарга ишенбе", Гүлжигит Калыковдун "Кыргызстан жаштары", "ОAKLAND" тобу менен Мister Infinity`нин аткаруусундагы "Менин калканчым" ("Мой щит") ж.б. клиптерден көрүүгө болот.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан